Mr. Bekz - Кызыма (official video)
Описание
Ырдын тексти (Текст песни):
Кичинекей балапаным кызым жаным менин
Жымыңдаган жарыгысың жылдыздардын
Тилегеним бир кудайдан узун өмүр
Чың ден соолук айымдыктын бакытын
Тоодо өскөн кооз жайнаган гүлүм менин
Бул жашоого бакыт берген байлык кеним
Көл үстүндө сүзүп жүргөн ак куу болуп
Дайым жүрсүн бакыт кушу сага конуп
Кызым, Байлыгым, бакытым, балапаным
Ак куудай, Кооз гүлдөй, Ханышам менин
Атялаган балдай ширин тилиң эсимде
Эзилемин тай-тай басып чуркап келгенде
Балалыктын бал күндөрүн эстеп жүргүн
Өмүр бою баласың сен мен үчүн
Турмуш деген бул дүйнөдө оюн эмес
Сени колдоп жүрүү мага көйгөй эмес
Канчалаган ийгиликтер күтүп турат
Бекем болсоң ыйманыңа кол сунат
Кызым, Байлыгым, бакытым, балапаным
Ак куудай, кооз гүлдөй, ханышам менин.
Сен кубансаң менин бактым ошол кызым бил
Үй-бүлөңдүн колдосу бул максат бирден бир
Сен бар үчүн жашоом менин көктө күчүгүм
Сен мен үчүн аба суудай керексиң
Кызым үчүн ыраазымын жашоом менен тагдырыма
Бир кудайга ыраазымын белегине жаныма
Турмушуңдун жолу сага ачык болсун
Көңүлүлүңө сүйүүнүчтөр дагы толсун
Жылмайганың мен үчүн бул чоң кубаныч
Ийгилигиң өмүрүңдө сени коштосун
Кызым, Байлыгым, бакытым, балапаным
Ак куудай, Кооз гүлдөй, Ханышам менин
Кызым үчүн ыраазымын жашоом менен тагдырыма
Бир кудайга ыраазымын белегине жаныма
Рекомендуемые видео


















